1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

26

Кесиптик-профилдик практикага жиберүү

2025-жылдын 20-сентябрь күнү “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексиндеги Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты адистигинде окуп жаткан  КТ-1-22, КТс-1-21, КТс-2-21 тайпаларын кесиптик-профилдик практикага жиберүү алдындагы конференциясы болуп өттү. Аталган конференцияга кафедрадан бекитилген усулдук жетекчилери, ФИнин директору, жана студенттер катышышты. Жыйындын жүрүшүндө кафедра башчы Бакирова Гулжан Көккөзовна - бул практиканын максаты, милдеттери жөнүндө кеңири маалымат берди. Мындан тышкары практика жетекчилери тарабынан да усулдук кеп-кеңештер айтылып, КТ-1-22 тайпасынын студенттери 22-сентябрдан 22-ноябрга чейин 9 жумалык мөөнөткө, ал эми КТс-1-21, КТс-2-21 тайпасынын студенттери 22-сентябрдан 6-декабрга чейин 11 жумалык мөөнөткө кесиптик-профилдик практикага жиберилип, конференция ийгиликтүү аяктады.