1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филологиялык институт
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

35

                                  КЕЗЕКТЕГИ КОНОК ЛЕКЦИЯ

"Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексиндеги филология институтунун кыргыз тили жана адабияты профилиндеги студенттерге Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин деканы, ф.и.к., доцент Б.А.Жайлообаев "Азыркы кыргыз тили" курсунун синтаксис бөлүмүнөн "Кыргыз тилинин синтаксисиндеги айрым такталбаган маселелер" деген темада кызыктуу конок лекциясын өттү. Лекциянын материалдарында студенттер үчүн синтаксис боюнча алган билимдерин тереңдетүүгө, толуктоого баалуу салым кошкон маалыматтар айтылып, сабак кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду. Иш-чаранын жыйынтыгында доцент Б.А.Жайлообаевге чоң ыракмат айтылып, Ыраазычылык кат тапшырылды.