Кылым карыткан – кыргыз комузу

9-сентябрь күнү кыргыз тили жана адабияты кафедрасында “Кылым карыткан — кыргыз комузу” деген темада комуз күнү белгиленди.
Иш-чаранын башталышында комуздун кыргыз элинин руханий дүйнөсүндөгү ордун, куралын жасоо жана ойноо ыкмаларын, ошондой эле комуз аркылуу улуттук баалуулуктарды муундан-муунга өткөрүп берүү процессин, комуздун калың муундардан бери келе жаткан улуттук символ экенин, кыргыздардын комуз менен байланышкан элдик легендалары жана чыгармачылыгы тууралуу баяндалды.
Мындан тышкары, студенттер чакан концерт уюштуруп, ырдап-бийлешип, обон салышып, комузда ойной билген өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бул иш-чара студенттерге кыргыздын руханий мурастарын урматтоо жана сактоо маанисин аңдап, улуттук маданиятыбызды урматтоо сезимин күчөтүүгө өбөлгө болду.
“Кылым карыткан — кыргыз комузу” деген темада өткөрүлгөн комуз күнү кыргыздын музыкалык жана маданий салтын жандандыруудагы маанилүү кадамдардын бири болуп калды.