ФИЛОЛОГИЯ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, ПРОФЕССОР И.АБДУВАЛИЕВБАШКЫР МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНЕН МЕДАЛЬ МЕНЕН КАЙТТЫ

Мобилдүүлүк боюнча М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинде чет өлкөлүк студенттер менен, анын ичинде кыргызстандык студенттер менен жолугушууда университеттин ректору, С.Т.Сагитов, биздин агайыбыздын билим берүүгө жана кыргыз, башкыр илимий байланышына кошкон зор салымын жогору баалап, университеттин М.Акмулла атындагы атайын медалын тапшырган.
Бул сыйлык – биздин профессорубуздун эл аралык деңгээлде таанылгандыгынын жана илим-билим жаатындагы үзүрлүү эмгегинин жогорку баалангандыгынын ачык далили.
Кафедра жамааты профессор Ибраим Абдувалиевди чын дилинен куттуктайт жана ага мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалайт!