М.Акмулла атындагы Башкыртстан мамлекеттик педагогикалык университетиндеги мобилдүүлүк

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы ф.и.д., профессор И.Абдувалиев 2025-жылдын 27-майынан 5-июнуна чейин М.Акмулла атындагы Башкыртстан мамлекеттик педагогикалык университетинде мобилдүүлүктө болду. Аталган университеттен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине чакыруу каты келген. Ошол чакыруунун негизинде профессор И.Абдувалиев университеттин студенттерине төмөнкү темаларда лекция окуп келди:
Кыргыз тили боюнча кыскача лекциялар курсу
1. Киришүү
2. Тыбыштык түзүлүшү. Үндүү жана үнсүз тыбыштар
3. Тыбыштык өзгөрүүлөр. Үндөштүк.
4. Лексика. Сөз маанилери. Сөз мүчөлөрү.
5. Сөздүн жасалышы. Сөз жасоонун жолдору
6. Грамматика. Морфология. Сөз түркүмдөрү. Атооч сөз түркүмдөрү.
7. Этиш. Жөнөкөй жана татаал этиштер. Этиштин маанилик топтору.
8. Тактооч, өзгөчө сөз түркүмдөрү, кызматчы сөз түркүмдөрү.
9. Синтаксис. Сөз айкаштары. Атоочтук жана этиштик сөз айкаштары.
10. Жөнөкөй сүйлөм, анын түрлөрү. Багыныңкы сүйлөмдүн түрлөрү
11. Кайталоо. Жыйынтык.
Лекция кыргызча болду. Айрым сөздөрдү, айрыкча терминдерди түшүндүрүүдө башкыр, орус тилдери колдонулду. Студенттер үчүн кызыктуу болуп суроо-жооптор, талкуулар болду. БМПУда окуп жаткан чет өлкөлүк, анын ичинде Кыргызстандан барып окуп жаткан студенттер менен жолугушуу уюштурулду.
Арада, 28-майда “XXI кылымдагы фольклор жана фольлористика” деген темада филол.ил. доктору профессор Р.А.Султангариеванын 70 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп, профессор И.Абдувалиев “Эр Төштүк” жана “Урал баатыр” эпосторундагы мифтик мотивдер” деген баяндама жасаган.