«XII Эл аралык түрк дүйнөсү изилдөөлөрү» симпозиуму

2025-жылдын 21-23-май күндөрү Түркия мамлекетинин Нийде шаарында Өмер Халисдемир атындагы мамлекеттик университетинин үй ээлигинде Азербайжан мамлекетинин борбору Баку шаарындагы Баку Евразия университети, Казахстандын Алматы шаарындагы Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин кызматташуусу менен уюштурулуп келе жаткан кезектеги «XII Эл аралык түрк дүйнөсү изилдөөлөрү» симпозиумунун негизги темасы «Жогорку билим берүү тармагында түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы» деп аталды. Симпозиумда түрк дүйнөсүндөгү кызматташуу темасында изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын чогулуусу жана бул тема үстүндөгү эмгектердин, пикирлердин жана сунуштардын талкууланышы максатталды.
Симпозиумдун ишине Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к. Г.К.Бакирова катышып, 22-майдагы отурумдун 1071 салонунда “Түрк тилдеринде кеп-сөзгө байланыштуу айтылган фразеологизмдер (кыргыз, казах, өзбек тилдеринин материалдарында)” деген темада илимий баяндама жасап, сертификатка ээ болду.