АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

2025-жылдын 3-июнь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын 1-курс КТ-1-24 тайпасынын студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул жыйындын негизги максаты – ата-энелерге балдарынын окуу жайдагы жашоосу, билим алуудагы жетишкендиктери жана жалпы окуу процесси тууралуу кеңири маалымат берүү болду. Жолугушууга факультеттин деканы, студенттерге сабак берип жаткан окутуучулар, куратор жана, албетте, ата-энелер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуу процесси тууралуу кеңири маалымат берилди. Атап айтканда, окуу программасынын түзүлүшү, сабактардын өткөрүлүү тартиби, студенттердин сабакка катышуусу жана жетишкендиктери тууралуу баяндалды. Ошондой эле окуу жайдын порталы, студенттик жеке кабинет жана расмий сайт аркылуу ата-энелер кандайча маалымат ала алыша турганы, окуу процессин көзөмөлдөөнүн жолдору түшүндүрүлдү. Бул бөлүгү ата-энелер үчүн өзгөчө маанилүү болду, себеби алар балдарынын окуусуна активдүү аралашууга кызыкдар экенин айтышты.
Факультет деканы Чырашкан Айтмурзаевна да өз сөзүндө ата-энелердин келүүсүн жогору баалап, алардын катышуусу окуу жай менен үй-бүлө ортосундагы кызматташууну чыңдоого чоң өбөлгө болоорун баса белгиледи. Ата-энелерге ыраазычылык билдирилип, мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүү зарыл экени айтылды.
Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө сабак берген окутуучулар ф.и.д., профессор К.Калчекеев, ф.и.к., доцент А.Кадырова, ф.и.к., доцент Г.Кочорова жана улук окутуучу У.Омурзаковалар сөз сүйлөп, ар биринин тайпа тууралуу жалпы пикири айтылды. Алар студенттердин тартиптүүлүгүн, кызыгуусун жана жогорку потенциалын белгилешип, ата-энелер менен тыгыз байланышта болуу маанилүү экенин белгилешти.
Жолугушууда тарбия жаатындагы маселелер дагы көңүл сыртында калган жок. Студенттердин жүрүм-туруму, тайпа ичиндеги мамиле, коомдук жана маданий иш-чараларга катышуусу тууралуу сөз болду. Айрыкча, алардын жоопкерчиликтүү мамилеси, окуудан сырткары да активдүү болгону баса белгиленди. Алардын ийгиликтери тарбиялык иштерде жакшы жыйынтыктарды берип жатканын көрсөттү.
Жыйынтыгында, жолугушуу жылуу маанайда өтүп, ата-энелер да өз ойлорун, сунуштарын айтып, балдарынын келечеги үчүн биргелешип иш алып барууга даяр экенин билдиришти. Бул сыяктуу жолугушуулар окуу жай менен үй-бүлөнүн ортосундагы байланышты бекемдеп, студенттердин ийгиликтүү билим алуусуна өбөлгө түзөт.