Конференциянын жыйынтыгы

2025-жылдын 30-май күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин КТ-1-22 тайпасынын студенттеринин кесиптик-базалык, ФББ(КТ)маг-1-23 тайпасынын магистранттарынын илим-изилдөө практикаларынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга Филология факультетинин деканы, ф.и.к. Асылбекова Чырашкан Айтмырзаевна, кафедрадан бекитилген усулдук жетекчилери, жана студент, магистранттар катышышты. Жыйындын жүрүшүндө КТ-1-22 тайпасынын студенттери практика учурунда замандын талабына ылайык окутуунун жаңы ыкмаларын үйрөнгөндүгүн, илимий иштерин слайд аркылуу көрсөтүп сүйлөп беришти. Ал эми магистранттар илимий ишинин жыйынтыктоочу бөлүмүн жазып, экиден макалалары жарык көргөндүгү жөнүндө маалымат берип, темаларына байланыштуу илимий жетекчилери тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. Конференция ийгиликтүү аяктады жана практиканттар жетекчилерине ыраазычылык билдиришти.