1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

105

ЖАМУда эки китептин бет ачары болду

Б. Осмонов атындагы ЖАМУда эки китептин бет ачары болду. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф. и. д., профессор Ибраим Абдувалиевдин буга чейин бир топ эмгектери жарыкка чыккан. Жакынкы учурда агайдын "Кыргыз тилинин лексикологиясы" жана "Аалам таануу ачкычы - илим" аттуу китептери жарык көрдү. 23-майда ушул эки эмгектин бет ачарына арналган республикалык деңгээлдеги иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинен, ОшМПУдан жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, ф.и.д. Т.С. Маразыков жана ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы катышты. Аземди Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор К.Ж. Усенов сөз сүйлөп ачып берди. Аталаган китептердин мазмуну боюнча И.Абадувалиевдин аспиранттары  ф.и.к., доцент З.Калыбекова жана ф.и.к, доцент Э.Хурибаевалар кыскача баяндамалар жасалды. Келген коноктор И.Абдувалиевдин эмгектери боюнча жылуу пикирлерин билдиришти. 

 Бет ачар аземди уюштурган кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын жаш окутуучулары - У. Омурзакова, Г. Кудайкулова, Имаралы к. Назбийке жана агайдын аспиранттарына ыраазычылык билдиришти.