ТТФда “Он беш жолу улам кайра туулуп, он беш жолу жашарбасам карап тур" аттуу поэзия кечеси болду

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин ТИББ-1-24 жана ЭЭСС-1-24 тайпаларынын студенттери тарабынан "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндөгү КРдин Президентинин Жарлыгынын алкагында улуу акын
А. Осмоновдун 110 жылдыгына карата “Он беш жолу улам кайра туулуп, он беш жолу жашарбасам карап тур" аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кеченин жүрүшүндө Алыкулдун эл-жерди сүйүүгө, адамды барктоого жана ыйык сүйүүнү баалоого чакырган ырларынан көркөм окушуп, обондуу ырларынан аткарышты. Ошондой эле келген коноктордон да Алыкулдун күйөрмандары чыгармаларынан көркөм айтышты. Айрыкча, Алыкулдун сүйүү саптарын көркөм окуган студенттер көпчүлүктүн көнүл борборунда болушту. Поэзия кечеси ыр-бий менен коштолуп, жогорку деңгээлде өттү.
Кечеге кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, профессор Ибраим Абдувалиев, ЖАМУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, профессор Кубаныч Калчакеев катышып жылуу пикирлерин билдиришти. Ошондой эле табигый-илимий билим берүү кафедрасынын башчысы Б.Жолболдиевна өзүнүн иш берүүчүлөрү, бүтүрүүчүлөрү жана окутуучулар курамы менен катышты.
Кечени кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу Гүлбарчын Каленбекова даярдаган. ТТФнын китепканачылар жамааты да Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата көргөзмө уюштурушуп, келген конокторго кызыктуу маек куруп беришти. Активдүү катышуучуларга дипломдор менен сыйланышты.