АЛЫКУЛ ОСМОНОВ - КЫРГЫЗ ПОЭЗИЯСЫНЫН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм,
Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм.
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албайм – деген А.Осмоновдун ырын көркөм окуу менен башталган филология илимдеринин кандидаты Кадырова Анаранын кыргыз адабияты предметинен өткөргөн көрсөтмөлүү сабагынын композициялык курулушу өзгөчө түзүлгөнү менен студенттердин да, сабакка катышкан окутуучулардын да купулуна толду жана өзгөчө (купулга толбогон) пикирлерди да жаратты. Өзгөчөлүгү: сабактын максаты да, милдети да ыр менен жазылып, окутуучунун ырга болгон жөндөмүн, шыгын ачууга багытталса, студенттерге алдын ала берилген практикалык тапшырмалардын жообу акындын ырларынан, поэмаларынан, драмалык чыгармаларынан, котормолорунан табылса, ал тексттерди пайдаланып, тапшырмаларды көркөм окуу менен, же сахналаштыруу менен аткарууга аракеттеништи. Тапшырманын жообу даяр ыр саптардан табылбаса, монолог, диалог, ыр формада өздөрүнүн чыгармачылыгынан жараткан тексттеринен пайдаланышты. А.Осмоновдун тексттерине жазылган обондуу ырларды музыканын коштоосунда ырдашты. Окумуштуу-адабиятчылардын акындын чыгармачылык чеберчилиги тууралуу айтылган илимий пикирлери, А.Осмоновдун элесине арналган арноо ылары да көз жаздымда калтырылбады. Бул эмне деген сабак, ага даярданууга канча убакыт кетет, сабактын көлөмү канча деген суроолордун болушу мыйзам ченемдүү. Мындай сабак А.Осмонов сыяктуу өмүрү жолу да, чыгармачылык чеберчилиги да, адамдык асыл сапаттары да чыгармаларынын тулкусуна сиңип кеткен сейрек кездешүүчү өзгөчө жазуучуларга арналган сабактарда колдонулат. Ошондой эле болочокто кыргыз тили жана адабияты мугалими деген адистикти алуучу тайпаларда өткөрүлөт, анткени кыргыз тили жана адабияты адистигин тандаган студенттерди “чымыны барлар” деп тергеп коюшат.