1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

115

КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА АЧЫК САБАКТАР УЛАНУУДА

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу Шерипбаев Амангелди 4-апрель күнү ФФнын КТ-1-22 тайпасына  “Жаңы кыргыз адабияты (80-90-жж.) дисциплинасынан «Ш.Дүйшеевдин өмүрү, чыгармачылыгы жана поэзиясы» деген темада көргөзмөлүү сабак өттү. Сабакка  кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы доценттери А.Оморов, А.Кадырова, Г.Бакирова, Г.Көчөрова жана улук окутуучу У.Өмурзакова, окутуучу Имаралы к Назбийкелер катышты,  соӊунда өз ой-пикирлерин билдиришти. 

Студенттер практикалык сабакта Кыргыз эл акыны өмүрү, Ш.Дүйшеевдин чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу маалыматтарды, “Агындылар” аттуу эскерме баян чыгармасындагы автордун  баяндоосунун негизинде сүйлөп беришти. Практикалык сабактын планы, сунушталган адабияттар жана конкурстун шарттары интерактивдүү доскада чагылып турду. Катышкан окутуучулар сабак-мелдештин жыйынтыгын чыгарып, тайпалардагы тесттик тапшырмалардын, көркөм окуулардын, обондуу ырлардын маани-мазмунун таразалап, өздөрүнүн баасын беришти. Жыйынтыктап айтканда, Ш.Дүйшеевди заманбап акын, жазуучу, публицист катары чыгармалары аркылуу далилдеп, корутунду чыгарды. Сабакты “эӊ жакшы” деп  бааладык ”, - деп белгиледи доцент А.Оморов.