1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

50

Жусуп Баласагын атындагы КУУ тарабынан уюштурулган ЖОЖдор аралык студенттик олимпиада

"Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгу жол жөнүндөгү Жарлыктын алкагында Улуттук университеттин 100 жылдыгына, акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган ЖОЖдор аралык студенттик олимпиаданын 1-туру 3-апрелде Ош шаарында болуп өттү. Олимпиадага Ош, Жалал-Абад, Баткен областарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери катышты. 

    Б.Осмонов атындагы ЖАМУдан 1-курстун студенттери Эсенбаев Бектемир., Төлөнбаева Баяна., Аширбаева Мария катышты. Олимпиаданын жүрүшүндө  жазуу иши, көркөм окуу жана котормо иши боюнча тапшырмалар берилди. Эсенбаев Б. менен Төлөнбаева Б. аткарган анимациялык фильмдерди которуу жана үн коштолуп даярдаган тапшырмасы көпчүлүктүн көңүл борборунда болду. Түштук региону боюнча жалпысынан 10 команда катышып, 7 студентке жолдомо берилди.