"Кел, Ноорузум" аттуу иш-чара

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик универстетинин филология факультетинин кыргыз тил жана адабият кафедрасында Нооруз майрамына карата "Кел Ноорузум" атту иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага кафедранын окутуучулары жана факультеттин тарбия иштери боюнча жетекчиси Осмонова Кенже эжеке катышты. Нооруз майрамы жөнүндө ырлар ырдалып, алас айтылып,Нооруз майрамынын тарыхы жөнүндө маалымат берилип, макал-ылакап жарышы болуп өттү. Жыйынтыгында канцерттик программа өз максатына жетти жана келген көрүүчүлөрдүн купулуна толду.