Кыргыз тили – кыргыз көркөм адабиятынын тили

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан 2025-жылдын 14-мартында “Кыргыз тили – кыргыз көркөм адабиятынын тили” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүлдү. Аталган конференция Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору т.и.д., профессор Усенов Кеңешбек Жумабековичтин куттуктоо сөзү менен башталды. Андан соң конференциянын коноктору Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек Эл Аралык университетинин ректору э.и.д., профессор Мамасыдыков Абдилбает Асановичтин, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Ахмедова Толгонай Жамашевнанын куттуктоолору менен уланды. Пленардык жыйында Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы ф.и.д., профессор И.Абдувалиев “Алыкул Осмонов жана кыргыз адабий тили”, Мурзаев Низамидин Токтобекович - И.Арабаев атындагы КМУ, п.и.к., доценти “А.Осмоновдун “Ата-Журт” ырына текстологиялык талдоо жүргүзүү аркылуу ырдын маани, мазмунун, көркөмдүгүн ачуу”, Исмаилова Бактыгүл Таштемировна - Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУ, ф.и.к., доценти “А.Осмоновдун чыгармачылыгындагы салт жана жаңычылдык” аталышындагы баяндамаларды жасашты. Мындан башка секциялык отурумдарда алтымыштан ашык макалалар окулду. Конференциянын жыйынтыгында макалалардын авторлоруна сертификаттар берилип, резолиция кабыл алынды.