Акын – котормочу филология факультетинде конокто

Адабият – элдин руханий байлыгы, маданияттын ажырагыс бөлүгү. Поэзия – адамдын жан дүйнөсүн терең козгогон күчтүү курал. Ушул максатта, Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын өзбек тилине которуп, мектеп программасына киргизген, 2022-жылдын 8-декабрында борбор калаабызда болуп өткөн “Алыкулду окуйбуз” деген эл аралык конкурста гран-прини утуп алып, “Алыкулдун алтын калеми” сыйлыгына татыктуу болгон, андан сырткары бир топ өзбек жана кыргыз акындарынын чыгармаларын эки тилге которуп, маданият ортосунда данакер болуп жүргөн мекендешибиз акын Курбан Саттар менен ЖАМУда жолугушуу уюштурулду.
Курбан агайды профессор, филология илимдеринин доктору М.И. Мирзахидова менен кыргыз тили жана адабияты, англис тили жана адабияты адистигинин студенттери тосуп алышты.
Филология факультетинин деканы, ф.и.к. доц. Ч.Асылбекова жолугушуну ачып жатып акынга өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Мындай жолугушуу студенттер үчүн маанилүү экендигин баса белгилеп өттү. Жолугушуу акындын өмүр жолу, чыгармачылыгы жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат берүү менен башталды. А.Осмоновдун “Көл толкуну”, “Каламга”, “Арман”, “Отуз жаш” ж.б. ырларын которуу убагындагы кыйынчылыктар жөнүндө сүйлөп берди. Анын белгилүү котормолору, өзү жазган ырлары тууралуу да сөз болду.
Жолугушууда агай өзү жазган айрым чыгармаларын да окуп, алардын жаралуу тарыхын түшүндүрдү. Ошондой эле, катышуучулар акындын ырларын окуп, өз ой-пикирлерин билдиришти.
Студенттер жана катышуучулар акын-котормочуга чыгармачылыкка байланыштуу суроолорун беришти.
Бул иш-чара студенттер үчүн пайдалуу жана таасирдүү болду. Студенттер акын менен жакындан таанышып, адабиятка болгон кызыгуусун ого бетер арттырды.