Жогорку окуу жайлар менен кызматташтык улантылууда...

Илим жана билим берүү тармагы боюнча жогорку окуу жайлар аралык кызматташтык, албетте, болушу зарыл. Айрыкча, мындай кызматташтык башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен бирге өткөрүлүшү 2 мамлекеттин ЖОЖдорунун ортосундагы илимий мамилени жогорулатышы бышык.
Жогорудагы максатты көздөгөн Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессору, филология илимдеринин доктору Мирзахидова М.И. Андижан экономика жана педагогика университетинин ректору э.и.д. Н.Х. Халиловдун Б. Осмонов ат. ЖАМУнун ректору профессор К.Усеновго жиберген чакыруу (№1/834. 31.01.2025-ж.) катынын негизинде Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы жогоруда аты аталган университетке иш сапары (13/4. 5.02.2025-ж.) менен барды.
Илимпозду университеттин окуу иштер боюнча проректору жетектеген ППС тосуп алды.
Профессор алгач, филология факультетинин студенттерине “”Сөз түркүмдөрүнүн изилденүү тарыхы” темасында лекция өттү. Лекцияда тил илиминин актуалдуу маселелери жана заманбап мамилелери чагылдырылып, студенттерге кызыктуу маалыматтар берилди. Лекцияга филология факультетинин профессор-окутуучулары да катышты.
Б.Осмонов атындагы ЖАМУ менен Экономика жана педагогика университетинин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү боюнча тажрыйба алмашууларга, сабак өтүүгө, студенттердин аталган окуу жайлардан эки тараптуу билим алышына терең көңүл буруу ж.б. максатында эки университеттин арасында келишим түзүлдү.
Иш сапардын соңунда профессор М.И.Мирзахидова университеттин жамаатына чакыруусу үчүн ЖАМУнун атынан ыраазычылык билдирип, илимий кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Мындай эл аралык илимий жолугушуулар университеттер арасында үзгүлтүксүз улана бермекчи.
Биз профессорубузду чакырып, баяндама жасоо үчүн бардык шарттарды түзүп берген Экономика жана педагогика университетинин ректору баш болгон жалпы жетекчилигине, профессордук-окутуучулук жамаатына, анын ичинде, окумуштуу катчы ф.и.к. профессор Б.Б.Яркыновага, тил илимдери кафедрасынын башчысы И.А. Нишоновго тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Н.Т.Сафинага аталган кафедрада эмгектенген кесиптештерге терең ыраазычылык билдиребиз! Илимий иштерине ийгиликтерди каалайбыз!