1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

7 месяцев назад

125

"Улут болсом - тилим менен улутмун" аталышындагы иш чара

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинде 28-ноябрда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата 3 айлыгынын алкагында жана Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата "Улут болсом - тилим менен улутмун" аталышындагы иш чара болуп өттү. Бул иш чарага  кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы профессор ф.и.д. Ибраим Абдувалиев жана т.и.д., профессор А. Аширалиевдер катышып, алар мамлекетик тилдин мыйзам жүзүндө кабыл алынышынын зарылдыгы, тарыхый мааниси тууралуу айтып өтүштү.

Кеченин жүрүшүндө студенттер тилге байланыштуу улуу даанышман-ойчулдардын нуска кептеринен көркөм окушту. Совет доорундагы чүмбөттөлгөн саясаттан жапа чеккен кыргыз тилинин тагдырын чагылдырган акындардын ырларынан таасына жеткирип көркөм окушту. Бүгүн кыргыз тилин дүйнө эли кызыгып үйрөнүп жаткандыгын Индия элинен келген медицина факультетинин студенти Адитя Камбленин аткаруусундагы ыр таасын белгиледи. Иш чаранын жүрүшүндө ар түрдүү ыр-бийлер, күүлөр чертилип, монологдор аткарылды. Кечеге табигый-техникалык факультетинин электроэнеогетика жана механика кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Г. Кокумбаева, табигый-илимий билим берүү кафедрасынын башчысы Б. Жээнбековалар катышып жылуу пикирлерин билдиришти.

Кечени уюштуруучу кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуү окутучусу

Г.Т. Каленбековага жана ага катышкан электроэнергетикалык системалар жана тармактар, табигый-илимий билим берүү, дене тарбия профилдеиринин 1-курсунун студенттерине ыраазычылыктарын билдиришти. Кечеге келген конокторго даярдаган китеп көргөзмө да көпчүлүктүн көңүлүн бурду.