«Ата-бабаларды эскерүү» күнүнө карата кафедралар аралык интеллектуалдык оюн
7-8-ноябрь «Ата-бабаларды эскерүү» күнүнө карата филология факультетинде кафедралар аралык интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.
Кыргызстанда 7-ноябрда Тарых күнү, 8-ноябрда Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Бул күндөр тарыхты изилдөөнү жакшыртуу жана куугунтук курмандыктарын эскерип, өткөндөн сабак алуу үчүн жарыяланган.
Бул күндөр майрам катары белгилене баштаган төрт жылдан бери мамлекеттик деңгээлдеги масштабдуу иш-чаралар өтө элек. Мектептерде, жогорку окуу жайларда гана чакан иш-чаралар уюштурулат.
Өлкө жетекчилери 7-ноябрда Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы Үркүн окуясынын, репрессия курмандыктарынын, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана 7-апрель баатырларынын кабырына гүл коюп, куран окутууну адатка айландырган.