Ташкенттеги Эл аралык илимий-практикалык конференция
Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарындагы Ренессанс таалим университетинде эл аралык конференция болуп өттү. Аталган конференциянын уюштуруучуларынын бири Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети.
Конференцияга бир топ мамлекеттерден (Африка, Индия, Пакистан, Туркия, Иран, Россия, Казакстан, Тажикистан, Азербайжан ж.б. ) илимпоздор катышышты, алардын ичинде Кыргызстандан да делегаттар бар.
Конференциянын пленардык бөлүгүн Ренессанс таалим университетинин ректору т.и.д. профессор Баракаев Нусратилла Ражабович ачып, конференциянын максат-милдеттери менен тааныштырды.
Андан соң пленардык бөлүктө Селчук Атай (Түркия) – Карабүк университети, филология илимдеринин доктору, доцент; Мохаммед Беккали (Африка) Марокко Королдугу (Марокаш) – Хасан II де Касабланка университетинин профессору; Шахид Таслим (Индия) – Жамия Миллиа Исламия университетинин профессору; Мирзахидова Муяссар Инамжановна (Кыргызстан) – Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору; Хоссейн Хошбатень (Иран) – Тебриз университетинин профессору; Шоким Гулжан Тиништикбаевна (Казакстан) – К.Жубанов атындагы Актобе мамлекеттик университетинин профессору; Эрмухамедов Абдусамад (Тажикстан) –Ходжент мамлекеттик университетинин доценти; Мингазова Ляйла Ихсановна (Россия) – Казан университетинин профессору; Норалиева Шахло (Казакстан) –Ташенов атындагы университеттин доценти; Р.Р. Сайфуллаева, Ташкент мамлекеттик Чыгыш таануу университетинин профессору, ф.и.д. профессор Б. Менглиев, ф.и.д. профессор Ш.Шахабитдинова, ф.и.д. профессор М. Курбанова, ф.и.д. профессор Ж. Якубов ж. б. атактуу илимпоздор баяндама жасашты.
Пленардык баяндамалардан кийин, конференциянын катышуучулары филология илимдеринин доктору профессор Л. Раупованын 21-сентябрда белгиленип жаткан 50 жылдык юбилейи менен куттукташты жана илимпоздун өзбек тил илимине кошкон чоң салымын баса белгилеп өтүштү. Кыргызстандык илимпоздордун атынан делегациянын жетекчиси филология илимдеринин доктору профессор М.И. Мирзахидова “Окумуштуу Л.Р. Раупованын илим жолунда жараткан ийгиликтери” аттуу куттуктоо баяндама жасады.
Конференциянын 2-бөлүгү секциялык иштерде (5-секция) улантылды. Кыргызстандык делегациянын өкүлдөрү Ж.Б.Кебекованын “Кыргыз элинин улуттук када-салттары”, Ш.Адинаевдин “Психолого-педагогические предпосылки обучения неродным языкам в ВУЗах и школах Кыргызстана и Узбекистана”, ошондой эле, Кыргызстандык окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн баяндамалары (жалпы – 14 баяндама) кызуу талкууларды жаратты.
Конференциянын соңунда катышуучулар конференцияга карата өз ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты.
Белгилей кетчү жагы ушул конференциянын уюштуруучуларынын бири Б.Осмонов атындагы ЖАМУ менен Ренессанс таалим университети эки тараптуу келишим түзүп, келишимдин негизинде илим жаатында алакаларды уюштуруп, бир катар вебинар, жолугушуулар өткөрүп келе жатат.