1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

161

“Бардык дүйнө  Шекспирдин сахнасы...” (Амурбек  Азам уулу)

2024-жылдын 17-май күнү англиялык драматург, акын, актёр Уильям Шекспирдин  460 жылдык юбилейинин урматына карата кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти Анара Кадырова КТ-1-21 тайпасынын студенттерине “Отелло” драмасынын поэтикалык бөтөнчүлүгү” деген  аталышта сабак-конференция өттү. Адегенде сабак-конференциянын күн тартибиндеги маселе боюнча темалар  аныкталып, студенттердин  тандоосуна коюлду. Алар тандаган темалары боюнча 3-5 минуталык  илимий пикирлерди даярдап, конференцияда мазмундуу, маанилүү, кызыктуу фактыларды камтыган төмөнкү  ойлорун конференциянын катышуучуларына билдиришти: Чындыгында   драматургдун өмүр таржымалы, чыгармачылык чеберчилиги, адамдык сапаттары тууралуу замандаштарынын, калемдештеринин, адабият сынчылардын, маданият ишмерлердин эскерүүлөрү, каалоолору абдан көп. Мисалы, У.Шекспир 14 жашында мектеп партасын таштап кетип, ЖОЖдордон жогорку билим алган эмес, бирок өз алдынча күнү-түнү талыкпастан өзүнөн мурунку жана замандаш калемдештеринин көркөм табылгаларын, илимий китептерди тыкыр окуп чыгып, алардын чыгармаларындагы байыркы тарыхый окуяларды, легенда, мифтерди алып,  көркөм чыгармасына обьекти кылып алып, кайрадан  чыгармачылык призмасынан өткөрүп, жаңы мазмун, жаңы идеялар, табылгалар менен байытып, бийик көркөмдүктө кайрадан жаратып, окурмандарга тартуулаган. Муну калемдеши Роберт Грин: “Башка жазуучулардын эмгектерин кооздоп, көркөмдөп жатып, топ бузуп чыккан эргул” деп туура эмес сындаган. Бирок чыгаан адабиятчылар Шекспир  тирүү кезинде  эле байыркы сүйүү ырлары менен даңкы таш жарган  Рим акыны Публий Овидий Назон менен бир катарда турган жазуучу экенин таанып-билишип, адилеттүү бааларын беришкен. Драматург сонеттеринде, пьесаларында турмуштун маанилүү түйүндөрүн, адам мамилелериндеги  конфликтерди, жан дүйнөдөгү эмоционалдык, психологиялык коллизия-чыңалууларды  чебер тарткан сүрөткер болгон. Чыгармаларынын сыясы кургай электе басмаканалар жабыла жарыкка чыгарса, театр ишмерлери сахнага чыгарууга умтулушкан, ошондуктан “Бардык дүйнө Шекспирдин сахнасы жана андагы эркектер да, аялдар да анын актерлору” деген канаттуу сөз учкан куштай ооздон оозго өтүп турган. Бардык  чыгармаларын котормочулар өз тилине которушкан, кыргыз котормочулардын  ичинен биринчилерден болуп  А.Осмонов “Отеллону” которуп, 1950-жылы сахнага коюлган. Отеллонун ролун залкар актер Муратбек Рыскулов, Дездемонанын ролун Бакен Кыдыкеева аткарган. Төрт кылымга жакын убакыттан бери Шекспирдин драмалары аншлаг менен атактуу дүйнө сахналарынан түшпөй көрүүчүлөрдү суктандырып, тамшандырып коюлуп келе жатат. Сабак-конференцияга кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессор-окутуучулары: М.И.Мирзахидова, А.Шерипбаев, Г.Көчөрова, Г.Каленбекова, Назбийке Имаралы кызы жана 1-2-3-курстун студенттери катышты. Конференцияга активдүү катышып, мыкты илимий пикир жазган, ребустарды, кроссворд-чайнворду түзгөн, суроолорго туура жоопторду тапкан студенттерге  мыкты прозаик Зуура Сооронбаеванын шакирти, акын, прозаик Бактыгүл Сейитбекованын “Кавказ кайрыктары” жана КРнын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, акын жана драматург Эгемберди Эрматовдун  “Исфайрам аваздары”  аттуу ырлар жыйнагы  белекке берилди.