ШАМ ЖАРЫГЫНДАГЫ ПОЭЗИЯ
2024-жылдын 26-апрель күнү филология факультетинде “Шам жарыгындагы поэзия” аттуу адабий-музыкалуу кече өткөрүлдү. “ЖАМУнун жүз жылдыгына жүз иш-чара” долбоорунун алкагында “ЖАМУ билимдин, илимдин гана ордосу эмес, көркөм сөз зергерлердин да ордосу” деген аталышта профессордук-окутуучулук курамдагы поэзия, проза, драмалык тектерде калемдерин сынап, басмаканалардан, медиа борборлордон чыгарып, өз окурмандарын тапкан чыгармачыл инсандардын көркөм табылгаларын топтоп (А,Кадырова жана Н.Жалилова), “Тандалган чыгармалар жыйнагын” басмаканага даярдаганбыз.
Адабий-музыкалуу кечеге ЖАМУнун таланттуу калемгерлеринин бири карьераны өнүктүрүү жана практикаларды уюштуруу борборунун жетектөөчү адиси, 2019-жылы “Элүүнчү күз” деген ысым менен ырлар, аңгемелер топтомун басмаканадан жарыкка чыгарып, китеп сүйүүчүлөр тарабынан мактоолорду-алкоолорду угуп, чыгарма жазууга шыктанып, сунуш-пикирлерди эске алып, учурда экинчи чыгармалар жыйнагын чыгарууга талпынып турган Нурия Султановна Жолдошалиеваны кеченин кадырлуу коногу катары чакырдык. Бул иш-чара “чымыны бар” (чыгарма жаратууга ышкыбоз) студенттер менен талант ээсинин маңдай-тескей отуруп, кеңири баарлашууга, суроо-жооп беришип, диалог түзүүгө шарт түзүп берди.
Адегенде КТ-1-23 тайпасынын студенттери конок акын кыздын “Элүүнчү күз” жыйнагынан “Балалыктын даамдары”, “Классташым”, “Туулган күн”, “Мен азыр башкамын” ж.б. ырларын үн кубултуп көркөм окуп, чыгармаларын сахналаштырып, роль аткарышып, адабий кеченин мазмунун, маанисин тереңдетип, катышуучуларга эстетикалык ырахат тартуулашты.
Тоо булбулу Токтогул Сатылгановдун урпагы, поэзиянын дулдулу жорго сөздүү Жоомарт Бөкөнбаевдин жээни, семетейчи Сейденин сиңдиси, таланттардын мекени Кетмен-Төбө өрөөнүнүн сыйлуу кыздарынын бири Нурия Султановна назик үнү менен ырларын жатка көркөм окуп, табылгаларынын жаралыш тарыхын баяндап бергенде, акындын өзү менен жолугушуунун өзгөчө таасирин студенттер кол чаап, коштоп ыраазычылыктарын билдирип турушту. Алсак:
Кар чачып, карга жыгып кулаткансың,
Капалансам, кайра келип жубаткансың.
Сыйлаарыңды жүзүңдөн сезээр элем,
Сырдашым, парталашым, классташым (“Классташым”).
................................................................................
Такылдасаң тилиң кууруйт буудайды,
Татынакайым, тарта көрбө муң-кайгы.
Кайда десем чынчыл таза мүнөзүм,
Сага өтүп, сенде калган турбайбы...(“Кызыма”).
Нурия Султановнанын адистиги химик болгон менен адабият таануу жана тил таануу илиминен теориялык билиминин жеткилеңдигин, орошон философиялык ойлорунун масштабдуулугун, актуалдуу, түбөлүктүү турмуштук темаларды ырларынын обьектиси катары алып, көркөм сөз каражаттарын орундуу колдонуу менен окурмандын көз алдына элестүү тартат. Келтирилген эки ырдан алынган үзүндү саптардын биринчисинде, бүткүл классташтардын бири-бирине болгон таза, ыйык, сырдуу, баё сезимдери баяндалса, экинчисинде, бүткүл мээримдүү энелердин кызына болгон чексиз сүйүүсү, аппак тилеги, айткан акыл- насааты, турмуш жеңил эместигин эскертүүсү улуттук жана жалпы адамзаттык деңгээлде сүрөттөлөт. Акындын чыгармачылыгына талдоо жүргүзүү бул иш-чаранын обьектиси болбогондуктан, сөзүбүздү кыскартканыбыз абзел.
Жыйынтыктап айтканыбызда, Нурия Султановна поэзияны пир тутуп, бир-эки ыр жазып, болчокто акын-жазуучу болобуз деп дегдеп турган жаштардын шыгына-шык кошуп, жазуучу болуу оңой эместигин, бирок талант болсо, аны таптап, бакса тилек-максаттарына жетерине ишеним арттырып кетти.
Уюштуруучулар: Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы