Базалык мектептердеги иш-чаралар
2024-жылдын 24-апрель күнү кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу А.Шерипбаев Ала-Бука районундагы №9 Токтосун Жоробаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине барып, Кт-1-21 тайпасынын студенти Кубат кызы Элизанын кесиптик-базалык практикасынын жүрүшүнөн кабар алып, 5-“А” класстагы кыргыз тилден өткөн “Этиштин чактары” деген темадагы ачык сабагына катышты. Сабакта мектептин кыргыз тили жана адабияты боюнча тажрыйбалуу мугалими Олжобаева Дилбар Шерматовнанын усулдук жардамы менен окутуунун заманбап усулдарын, ыктарын пайдалануу менен “эң жакшы” денгээлде өттү. Сабакта окутуунун электрондук каражаттары, таратуучу материалдар, топтор менен иштөө сыяктуу ыкмаларды пайдаланды. Сабак абдан натыйжалуу болгондугун жана айрым бир мүчүлүштүктөрдү, теориялык-усулдук кеп-кеңештерди бергендигин белгиледи. Мындан тышкары, ушул эле класска класс жетекчи катары “23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп окуучулардын күнү” деген темада көргөзмөлүү тарбиялык саатка да катышкандыгын, анда бир топ кызыктуу маалыматтар берилгендигин жана окуучулар мурдагы тапшырма боюнча практикант окуучулар менен биргеликте видео-роликтерди тартып келип көрсөткөндүгүн маалымдады.
Андан кийин мектеп директору Ж.А.Чыналиева, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.Абдывахаповдор макулдашып, “Ачык сабактарды өтүүнүн жолдорун үйрөтүү” - деген темада мектеп мугалимдери менен бирдикте тегерек стол уюштурду, анда жаш жана тажрыйбалуу мугалимдер менен ой бөлүштү. Бүгүнкү күндөгү илимдин, технологиянын тез өнүгүп жаткан учурунда окуучулар менен кантип билим берүүнү, тарбияны демократиялаштырып, кантип окуучу менен ымала түзүшүбүз керек деген маселелерди талкуулашты. Жыйынтыгында мугалимдер да өз ойлору менен бөлүшүп, ар бир сабагы ачык сабактын деңгээлинде болуш керек деген жыйынтыкка келишти.