1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

159

Иш берүүчүлөр, эксперттер жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу

 Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.д., профессор И.Абдувалиев келген эксперттер, иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен быйылкы 2024-2025-окуу жылына жаңы окуу планынын түзүлгөнүн жана анда багыты 550300 Филологиялык билим берүү кыргыз тили жана адабияты профили боюнча НББПнын түзүлгөнүн билдирди. НББПны талкулоого  эксперттер, иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр катышышты. Мындагы эң  актуалдуу  көйгөйүбүз туура  предметтер  тандалдыбы?  Сиздерде адистик даярдоодогу жаңы сунуш ой- пикириңер барбы? - деген таризде пикирлешүү болуп өттү. Эксперт фил.и.к., доцент Д.Алтаева биздин негизги максат студенттер окууну аяктагандан кийин дипломду алып иш берүүчүнүн талабына жооп бериш керек, эксперт катары  окуу планы орчундуу, маанилүү, эң керектүү,  туура түзүлгөнүн билдирип өз баасын берди .  НББП боюнча бир топ токтолуп кетти, макулдугун   айтты жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамына толук ишенээрин айтып, жаңы түзүлгөн НББПны колдоорун билдирди. Иш берүүчү К.Боржуева "Негизинен грамматика менен технологияны көбүрөөк айкалыштырсаныздар жакшы болмок" - деген пикирин калтырды. НББПнын жаңы варианты менен таанышкандыгын жана колдоорун айтып кетти. Ал киргизилген өзгөрүүлөр стандартка туура келээрин жана практиканын саатын 2-курстан башталышын жакшы деп белгилеп кетти. Иш берүүчү А.Токтосунова - өз сөзундө көп жылдар бою кыргыз тили  жана адабияты кафедрасы менен тыгыз мамиледе иштешип келе жатканын жана бул күнгө чейинки адистик боюнча кандай гана өзгөрүүлөр болбосун колдоп келе жаткандыгын белгилеп өттү.  Бүтүрүүчүлөр – Б.Осмонова, Г.Каленбекова окуткан окутуучуларына ийгиликтерди каалап, ыраазычылыктарын билдирди. НББПны талкуулоо эң жогорку денгээлде өттү.