1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

13

Педагогикалык колледждин студенттери үчүн түшүндүрүү жана тарбиялык маанидеги жыйналыш өттү

2026-жылдын 6-октябрында Педагогикалык колледждин 1-2-курсунун студенттери үчүн маанилүү тарбиялык жыйналыш болуп өттү.

Жыйналыштын жүрүшүндө окуу процессинин тартибин сактоо, сабакка кечигүүнү алдын алуу, туура тамактануу адаттарын калыптандыруу, ошондой эле окуу жайдын аймагында жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелери кеңири түшүндүрүлдү.

Ошондой эле азыркы учурда жаштар арасында кездешкен терс көрүнүштөрдүн бири болгон чылым чегүүнү жана электрондук тамекилерди колдонууну жоюу багытында алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын соңунда студенттерге ички тартипти жана мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн каралган айып пулдар, алардын укуктук жоопкерчиликтери тууралуу толук маалымат берилди.

Мындай жолугушуулар студенттердин жоопкерчилигин жогорулатууга, сергек жашоо образын жайылтууга жана окуу жайда жагымдуу, тартиптүү чөйрөнү түзүүгө багытталган.