1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

11

Педагогикалык практиканын жумушчу программасы жана студенттердин жол картасы жаңыланды

Башталгыч класстарда окутуу адистигинин ПЦКсында  практика жетекчилеринин катышуусунда  2026-2027-окуу жылына карата педагогикалык практиканын жумушчу программасын жана студенттин жол картасын оңдоо, жаңылоо маселелери кеңири талкууланды. Болочоктогу башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоодо педагогикалык практиканын сапатын жогорулатуу, аны азыркы билим берүү стандарттарына жана заманбап талаптарга шайкеш келтирүү болуп саналат. Жумушчу программаны заманбапташтыруу: Окуу процессине киргизилип жаткан жаңы методикаларды, санариптик технологияларды жана компетенттүүлүккө багытталган мамилелерди жумушчу программада чагылдыруу. Студенттин жол картасын оңдоо: Практика учурунда студенттердин аткара турган тапшырмаларын, бекитилген этаптарын жана кадамдарын тактоо. ПЦКнын практика жетекчилери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, өткөн окуу жылындагы жетишкендиктерди жана чечиле турган маселелерди ортого салышты. Талкуунун жыйынтыгында 2026-2027-окуу жылына карата жаңыланган Жумушчу программанын жана Студенттин жол картасынын  бекитилди. Жаңыланган документтер студенттердин мектептеги педагогикалык практикасын натыйжалуу өтөшүнө жана кесиптик көндүмдөрүн бекемдешине олуттуу көмөк көрсөтөт