1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

14

Педагогикалык колледжи Студенттердин мектептерге жайгаштырылышы

Педагогикалык колледжде 28-сентябрда бекитилген графикке ылайык, “Башталгыч класстарды окутуу” адистигинин 3-курсунун студенттерин мектептерге жайгаштыруу иштери уюшкандыкта жүргүзүлдү. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун жакынкы мектептерине бөлүнүп берилген студенттерди бекитилген практика жетекчилери өзүлөрү коштоп барып, мектеп администрациялары жана коллективдери менен тааныштырып жайгаштырышты. Ал эми Ноокен жана Базар-Коргон райондорундагы мектептерге бөлүнүп, берилген өтүнүч каттардын (отношение) негизинде жөнөтүлгөн студенттер тиешелүү мектептерге өз алдынча барып жайгашышты. Ар бир студентке практикалык жолдомолор жана методикалык нускамалар тапшырылып, алар мектептин ички тартибине ылайык практикалык ишмердүүлүгүн башташты.