1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

15

Карысы бардын – ырысы бар: Педагогикалык колледждин кайрымдуулук акциясы.

2026-жылдын 1-октябрь – Эл аралык карыялар күнүнө карата Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжинин жалпы эмгек жамааты кайрымдуулук акциясын өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында окуу жайдын жамааты Сузак районунда жайгашкан Улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесине жардам беришти, ал жерде жашаган карыяларга материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүштү.

Муну менен катар эле, колледждин өнүгүүсүнө салым кошуп, жаштарга үлгү болуп келе жаткан ардагер окутуучулар да көңүл сыртында калган жок. Жамаат арасында эмгектенген карыларга бекем ден соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалап, ак тилектер менен куттуктоолор айтылды.

Бул демилге улуу муунга болгон терең урматуунун, кайрымдуулуктун жана камкордуктун жаркын үлгүсү болуп калды.