1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

24

Педагогикалык колледжде педагогикалык практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү

Педагогикалык колледжде 2026-2027-окуу жылынын окуу планына жана академиялык календардын графигине ылайык, “Башталгыч класстарды окутуу жана кыргыз тили” ПЦКсынын ”Башталгыч класстарды окутуу” адистигинин БКМб-2-24(9), БКМк-01-02-03-04-25(11), БКМк-2-3-6-9-11-24(9) жана БКМкэ-4-24 тайпаларынын студенттерине педагогикалык практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү.

Бул конференция 3-курстун студенттерин сабаттуу мугалим катары калыптандыруу жана алардын мектептеги ишмердүүлүгүн туура багыттоо максатында уюштурулду. Студенттер 28-сентябрдан 7-ноябрга чейин, 6 жума бою Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун мектептеринде, ошондой эле мектеп тараптан берилген өтүнүч каттардын (отношение) негизинде өздөрү жашаган айылдардагы мектептерде педагогикалык практикадан өтүшөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө ПЦК тарабынан бекитилген практика жетекчилери студенттерге алдыдагы милдеттерди, сабак пландарын даярдоо тартибин, техникалык коопсуздук эрежелерин жана педагогикалык этиканы кеңири түшүндүрүштү. Практика жетекчилери 6 жума бою студенттер менен биргеликте иш алып барып, алардын сабак өтүү деңгээлин, тартибин жана күнүмдүк даярдыгын дайыма көзөмөлдөп, зарыл болгон методикалык жардамдарды көрсөтүп турушат.   Студенттерибизге 6 жумалык практикада ийгилик жана мол тажрыйба каалайбыз!