1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

20

2026–2027-окуу жылында педагогикалык колледжге жаңы кабыл алынган студенттер үчүн адаптациялык жыйындар уюштурулду

2026–2027-окуу жылында педагогикалык колледжге жаңы кабыл алынган биринчи курстун студенттери үчүн адаптациялык жыйындар уюштурулду.

Жыйындын негизги максаты – студенттерге АВН порталы жана электрондук журналды колдонуу боюнча маалымат берүү, биринчи курска жаңыдан кабыл алынган студенттерди колледждин окуу-тарбиялык процесси менен тааныштыруу, алардын жаңы билим берүү чөйрөсүнө тез арада көнүүсүнө шарт түзүү жана студенттик жашоого активдүү аралашуусуна көмөк көрсөтүү.

Адаптациялык жыйындардын жүрүшүндө студенттерге педагогикалык колледждин түзүмү, ички тартип эрежелери, окуу процессин уюштуруу, сабактарга катышуу тартиби, студенттик формага коюлган талаптар, сабакка кечикпей катышуу жана окуу жайдын ички тартип эрежелерин сактоо тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле окуу жайдын китепканасы, окуу кабинеттер, окуу-методикалык ресурстар жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен тааныштыруу иштери жүргүзүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолор боюнча маалымат алып, колледждеги окуу процессине байланыштуу зарыл болгон түшүндүрмөлөр берилди.

Адаптациялык жыйындарды уюштуруучулар:

ЖББ ПЦКсынын окутуучулары:

Ж. Абдивапова

А. Калчакеева