1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

27

Тартип жана адаптация — ийгиликтүү окуунун негизи!

2026-жылдын 29-сентябрында Педагогикалык колледждин Мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Рахат Кушбакова 1-2-курстун кураторлоруна жыйналыш уюштурду.

Жыйында окуу жайга жаңы кабыл алынган студенттерге арналган адаптациялык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү маселеси башкы тема болду. Мындан тышкары, Рахат Кушбакова колледждин ички тартибин, студенттердин кийинүү адебин жана сабакка кечигүүлөрдү алдын алуу чараларын чыңдоону баса белгиледи.

Ошондой эле кураторлорго куратордук сааттарды бекитилген пландын негизинде жана өз убагында сапаттуу өткөрүү талабы коюлуп, тарбиялык иштерди системалуу алып баруу эскертилди.

Бул жыйналыш окуу жайдагы тартипти бекемдөөгө жана келечектеги педагогдорго туура тарбия берүү процессин андан ары жакшыртууга багытталды.