1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

Тазалык – тарбиянын башаты

2026-жылдын  26-сентябрь күнү Педагогикалык колледждин 3-курсунун студенттеринин демилгеси менен окуу жайда ишембилик жогорку деңгээлде уюштурулду. Бул иш-чара келечектеги педагогдордун эмгекчилдигин, биримдигин жана окуу жайга болгон камкордугун кезектеги ирет далилдеди.

Ишембиликтин алкагында студенттер жигердүүлүк көрсөтүп, колледждин ички имаратын, аудиторияларын жана окуу жайдын сырткы айланасын иретке келтиришти. Ошондой эле короо-жайы, айлана-чөйрөсү таштандылардан тазаланып, көрктөндүрүлдү.

Болочок мугалимдер үчүн тазалыкты сактоо жана эмгекти баалоо – кесиптик адеп-ахлактын маанилүү бөлүгү. Биргелешип жасалган эмгек студенттердин ынтымагын бекемдеп, окуу жайда жагымдуу жана таза чөйрөнү түзүүгө чоң салымын кошту.

Бул демилгени колдоп, тазалык акциясына жигердүү катышкан 3-курстун студенттерине терең ыраазычылык билдиребиз!