1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

28

МЧББ адистигинде педагогикалык практикага жөнөтүү алдындагы конференция өткөрүлдү

Конференциянын негизги максаты – студенттерди алдыдагы педагогикалык практикага ар тараптуу даярдоо, практиканын максаты жана милдеттери, мазмуну, уюштурулушу жана өткөрүлүү тартиби менен тааныштырылды, ошондой эле теориялык билимдерди практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырууга багыт берилди.

Конференциянын жүрүшүндө студенттерге педагогикалык практиканын болочок тарбиячынын кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруудагы мааниси кеңири түшүндүрүлдү. Практика учурунда студенттер мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы педагогикалык процессти байкап, балдар менен иш алып баруунун ыкмаларын өздөштүрүп, окуу-тарбиялык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча практикалык тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышат.

Ошондой эле студенттерге практика учурунда тарбиячынын ишмердүүлүгүн жоопкерчилик менен аткаруу, балдарга жеке мамиле жасоо, алардын укуктарын жана коопсуздугун сактоо, кесиптик баарлашуу маданиятын кармануу боюнча методикалык сунуштар берилди.  Студенттер өздөрүнүн милдеттери, практика учурунда аткарылуучу иштер жана отчеттук документтер боюнча зарыл маалыматтарга ээ болушту.

Иш-чарага катышкандар.

ПК жетекчиси:   Салибаева К.П

ПК өндүрүштүк практика жана карьера башчысы:   Кудукбаева Э.Э

МЧББ ПЦКсын башчысы:   Алмасбек кызы Ж

МЧББ ПЦКсын практика жетекчиси: Галдыбаева В.А

МЧББ ПЦКсын окутуучулары жана МЧББб-2-24, МЧББк-2-24 тайпасынын студенттер катышты.