1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

24

«Тил – элдин бүтүндүгү жана келечеги»

2026–2027-окуу жылынын 25-сентябрында Педагогикалык колледжинин студенттеринин  тайпалары арасында  уюштурулган  «Тил – элдин бүтүндүгү жана келечеги» аттуу сүрөт сынагынын жыйынтыгы жарыяланды.

Сүрөт сынагы студенттердин мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттыруу, кыргыз тилинин тарыхын, улуттук баалуулуктардагы ордун жана коомдогу маанисин терең түшүндүрүү, мамлекеттик тилди урматтоо сезимин калыптандыруу, ошондой эле студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн, эстетикалык табитин жана өз оюн көркөм образдар аркылуу чагылдыруу көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Сынакты уюштуруу жана өткөрүү боюнча жооптуу кураторлор болуп окутуучулар В. Галдыбаева, Ж. Алмасбек кызы,  М. Осмонова, А. Калчакеева, Б. Бекишова, В. Нуракова, Ж. Эрмамат уулу жана В. Болотбекова дайындалып,сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып сыйланды.

Эң мыкты сүрөт 1-орун БКМк-2-26

Эң мыкты сүрөт  1-орун БКМк-12-26

Эң мыкты сүрөт 2-орун МЧББб-2-24

Эң мыкты сүрөт 3-орун БКМк-4-26