1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

18

«Мамлекеттик тилдин тарыхы, жетишкендиктери жана көйгөйлөрү»

Педагогика колледжинде 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 66 тескеменин негизинде, 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамынын кабыл алынган күнүнө карата «Мамлекеттик тилдин тарыхы, жетишкендиктери жана көйгөйлөрү» аттуу эссе жазуу сынагы уюштурулду.

Сынак студенттердин мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттыруу, эне тилдин тарыхын, коомдогу ордун жана өнүгүү багыттарын терең түшүнүүсүнө өбөлгө түзүү, ошондой эле алардын чыгармачылык ой жүгүртүүсүн, сабаттуу жазуу жана өз оюн эркин баяндоо жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Иш-чара окутуучулар Ж. Абдивапова, Д. Орункулова, Ч. Арзыматова, Э. Осмонова, К. Рахманова, З. Токтогулова жана Э. Сенкебаева тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.

Сынакка студенттер активдүү катышып, мамлекеттик тилдин тарыхый өнүгүүсү, бүгүнкү коомдогу орду, жетишкендиктери, актуалдуу көйгөйлөрү жана келечектеги өнүгүү багыттары боюнча өз алдынча ой жүгүртүүлөрүн билдиришти.

Сынактын жыйынтыгында төмөнкү студенттер жеңүүчү деп табылды:

«Эң мыкты эссе» – БКМк-8-26 тайпасынын студенти Табышова Айзада;

«Эң чыгармачыл эссе» – БКМк-6-26 тайпасынын студенти Исраилова;

«Эң мазмундуу эссе» – БКМк-11-26 тайпасынын студенти Токтосунова Нуркыз.