1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

23

«Кыргыз элинде психологиялык билимдердин өнүгүшү»

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад педагогикалык колледжинин окутуучусу Досалиева Мунайым Молдалыевна 23-сентябрь — Кыргыз тил күнүнө карата психология предметинен «Кыргыз элинде психологиялык билимдердин өнүгүшү» деген темада сабак өттү.

Сабакта кыргыз элинин салт-санаасында, үрп-адаттарында жана элдик оозеки чыгармачылыгында чагылдырылган психологиялык түшүнүктөр тууралуу маалыматтар берилди.

Ошондой эле макал-лакаптардын, санжыралардын жана элдик чыгармалардын адамдын психологиясын түшүнүүдөгү мааниси талкууланды.

Сабактын жүрүшүндө кыргыз тили менен улуттук баалуулуктардын адамдын психологиялык дүйнөсүн калыптандыруудагы орду белгиленди.

Сабак окуучулардын улуттук мурастарга болгон кызыгуусун арттырып, кыргыз элинин психологиялык билимдеринин тарыхын тереңирээк түшүнүүгө шарт түзүлдү.