1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

47

23 - Сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү! 

«Эне тилим — улутту бириктирген кубат, мугалим — аны кийинки муунга калтырган тирек»

Педагогикалык колледжинде тил жумалыгы башталды.

Тил — ар бир улуттун сыймыгы, маданиятынын түркүгү жана эгемендүүлүгүнүн башкы белгиси. Ал эми келечек муунга билим жана тарбия берген, тилдин кадыр-баркын сактап кала турган инсандарды даярдоо — дал ушул Педагогикалык колледждин эң ыйык миссиясы.

Мамлекеттик тил күнүнө карата мектепке чейинки билим берүү,башталгыч класстарда окутуу жана дене тарбия адистиктеринин студенттерине  куратордук тарбиялык сааттар жана атайын иш-чаралар өткөрүлдү. Тарбиялык сааттардын жүрүшүндө студенттер эне тилдин басып өткөн тарыхый жолу, анын мааниси жана нарк-насили тууралуу кеңири маалымат алып, ыр-көркөм окуулар  айтылып, тилге болгон сүйүүлөрүн билдиришти.

Жогоруда аталган иш-чарага активдүү катышып, жогорку деңгээлде уюштурган кураторлор төмөнкүлөр болушту: Н.Исраилова, Маккамбай кызы Райкан, Ж.Абдивапова, У.Абдуллаева, Г.Султанова, М.Мамбетова, В,Галдыбаева, Э.Осмонова, Нурмамат кызы Дилде, Ч.Төрөбекова, А.Калчакеева, А,Касымова, Д.Орункулова, Г.Токтоматова, С.Козубаева, Равшан кызы Айкөкүл, Д.Тургунбаева, Б.Исманалиева, М.Абакирова, А.Ажикулова, Ч.Арзыматова, М.Төрөбекова.