1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

30

Мамлекеттик тил күнүнө карата ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде атайын подкаст уюштурулду

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжинин Жалпы билим берүү (ЖББ) предметтик-циклдик комиссиясынын кыргыз тили окутуучулары атайын подкаст уюштурушту.

Бул иш-чара эне тилибиздин баркын көтөрүү, анын коомдогу ордун чыңдоо жана студенттерге мамлекеттик тилдин маанисин кеңири түшүндүрүү максатында өткөрүлдү. Подкаст «Кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү жетишкендиктери жана көйгөйлөрү» деген актуалдуу темада өттү.

Иш-чаранын ардактуу коногу катары Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология факультетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Бакирова Гүлжан чакырылды.

Маектин жүрүшүндө төмөнкү орчундуу маселелер кеңири талкууланды:

Мамлекеттик тилдин басып өткөн жолу жана эгемендүүлүк жылдарындагы жетишкендиктери;

Бүгүнкү күндөгү тилдин өнүгүүсүндөгү негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору;

Билим берүү тармагында жана санарип доорунда мамлекеттик тилди жигердүү колдонуу;

Жаштар арасында эне тилге болгон сүйүүнү арттыруу жана сабаттуулукту жогорулатуу.

Гүлжан Бакирова өз сөзүндө тилди сактоо жана өнүктүрүү ар бир жарандын атуулдук милдети экенин баса белгилеп, жаштарды эне тилибизде сабаттуу сүйлөөгө жана аны заманбап технологиялар аркылуу жайылтууга чакырды.

Уюштуруучулар – ЖББ ПЦКсынын кыргыз тили окутуучулары – мындай форматтагы медиа-демилгелер студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, тилге болгон кызыгуусун арттырарын белгилешип, келген конокко терең ыраазычылык билдиришти.