1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

36

КЫРГЫЗ ТИЛИ — УЛУТТУН ЖҮРӨГҮ, МАМЛЕКЕТТИН ТИРЕГИ!

23-сентябрь күнү— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү белгиленгенине байланыштуу, 2026-жылдын 23-сентябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинде куратор С. О. Козубаева тарабынан БКМк 01-26 тайпасына «Кыргыз тили — улуттун жүрөгү, мамлекеттин тиреги!” аттуу ачык тарбиялык саат өткөрүлдү.

Тарбиялык сааттын негизги максаты — студенттердин кыргыз тилине болгон сый-урматын арттыруу, мамлекеттик тилдин коомдогу ордун жана маанисин түшүндүрүү, эне тилди урматтап, аны таза жана туура колдонууга үндөө, жаштарды улуттук баалуулуктарды сактоого тарбиялоо.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин тарыхы, өнүгүү жолу, мамлекеттик тил катары макамы жана коомдогу мааниси тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле студенттер арасында кыргыз тилин билүүнүн жана күнүмдүк турмушта туура колдонуунун мааниси тууралуу пикир алышуулар уюштурулду. Иш-чарада «Тил — улуттун күзгүсү», «Эне тилди урматтоо — мекенди урматтоо» деген идеялар кеңири камтылды.