1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

29

Кыргызча сүйлөө – эне тилди сактоонун негизги жолу

Бүгүн БКМб-2-24 тайпасында  Кыргызча сүйлөө – эне тилди сактоонун негизги жолу аттуу тарбиялык саат өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө тайпанын куратору   М. К. Мамбетова  кыргыз тилинин мааниси жана аны сактоонун зарылдыгы тууралуу баяндама жасады. Студенттер арасында талкуу уюштурулуп, кыргыз тилине арналган ырлар, макал-лакаптар айтылды. Иш-чара кыргыз бийи менен жыйынтыкталды.

Тарбиялык сааттын соңунда БКМб-2-24 тайпасынын студенттери Кыргызча сүйлөйбүз! аттуу чакырык-челендж жарыялап, кыргыз тилин кеңири колдонууга үндөгөн чыгармачыл контент даярдашты.  Иш-чара студенттердин эне тилге болгон сый-урматын арттырууга, кыргыз тилин күнүмдүк баарлашууда колдонууга жана улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталды.