1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

34

Педагогикалык колледжде зордук-зомбулукка жана рекетчиликке каршы жыйыналыш болуп өттү.

2026-жылдын 22-сентябрында Педагогикалык колледжинде студенттер арасындагы зордук-зомбулуктун, рэкетчиликтин алдын алуу жана учурдагы тартипти көзөмөлдөө максатында эркек балдар үчүн атайын түшүндүрүү жыйыны болуп өттү.

Бул иш-чарага Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн аймактык ыйгарымдуу  өкүлдөрү — милициянын лейтенанты Талантбек уулу Марсел жана милициянын капитаны Кыдыров Мунар катышты.

Кездешүүнүн жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын кесепеттери, кылмыш жоопкерчилиги жана тартипти сактоонун маанилүүлүгү тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле студенттерди бири-бирине сый-урмат менен мамиле жасоого, терс көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырып, балдарды кызыктырган суроолорго жооп беришти.