1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

43

Жаңы окуу жылы — жаңы максаттар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр!

2026-жылдын 16-сентябрында Педагогикалык колледжинин жалпы жамаатынын катышуусунда жаңы окуу жылына карата жыйын болуп өттү.

Жыйында колледждин алдыдагы окуу жылына карата негизги багыттары, аткарыла турган иштер жана окуу-тарбия процессин сапаттуу уюштуруу маселелери талкууланды.

Колледждин директору Салибаева Кенжегүл Паратовна өз сөзүндө жаңы окуу жылында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, студенттерге татыктуу билим жана тарбия берүүгө, ошондой эле окутуучулар жамаатынын биргелешкен аракетине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жалпы жамаатты алдыга коюлган максаттарды биримдикте ишке ашырууга чакырып, жаңы окуу жылына ийгиликтерди каалады.

Ар бир жаңы окуу жылы — жаңы дем, жаңы изденүү жана жаңы жетишкендиктердин башаты.

Жаңы окуу жылыбыз ийгиликтүү, жемиштүү жана жакшы жаңылыктарга бай болсун!

 Бир максат — бир команда — биргелешкен ийгилик!