1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

43

Педагогикалык колледжде ата-энелер менен  жолугушуулар өткөрүлдү

Жаңы 2026–2027-окуу жылынын башталышына карата Педагогикалык колледжде ата-энелер менен жолугушуулар уюштурулуп, окуу-тарбия процессине байланыштуу бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Педагогикалык колледждин директору Салибаева Кенжегүл Паратовна ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктап, студенттердин сапаттуу билим алуусунда колледж менен ата-энелердин тыгыз кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал эми МТ, социалдык жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Кушбакова Рахат Шукуровна окуу-тарбия иштерине кеңири токтолуп, студенттердин билим алуусу, тартиби, коомдук активдүүлүгү жана ар тараптуу өнүгүүсү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ата-энелерди колледждин жалпы жамааты менен биргеликте тыгыз кызматташууга чакырды.

 Балага сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүү — колледж менен ата-эненин биргелешкен аракетинен башталат.

Жолугушууда ата-энелерге окуу процессинин өзгөчөлүктөрү, колледждин ички тартиби, студенттердин жоопкерчилиги жана тарбиялык иштер боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ынтымактуу кызматташтык — ийгиликтүү келечектин бекем пайдубалы!