1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

177

Педагогикалык колледжинде Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына,  «Манас» эпосуна,  «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган куратордук тарбиялык сааттар уюштурулду

2026–2027-окуу жылы Педагогикалык колледжде өзгөчө маанай, жаңы максаттар жана жакшы тилектер менен башталды. 15-сентябрь — Билим күнүнө карата колледжде студенттердин руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана мекенчилдик сезимин арттыруу максатында мазмундуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына, кыргыз элинин руханий мурасы болгон «Манас» эпосуна, ошондой эле «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган куратордук тарбиялык сааттар уюштурулду.

Куратордук сааттарда студенттерге улуттук нарк-насилди, эне тилди, маданий мурастарды урматтоо, мекенчил болуу жана билимге умтулуу тууралуу баалуу маалыматтар берилди.

Ошондой эле Дене тарбия, Мектепке чейинки билим берүү жана Башталгыч класстарда окутуу адистиктеринин кураторлору жаңы кабыл алынган студенттер менен жакындан таанышып, алар үчүн тааныштыруу бурчтарын уюштурушту. Студенттерге колледждин ички тартиби, окуу процесси, студенттик жашоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тарбиялык сааттар өткөрүлдү.

Жаңы окуу жылы — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, бийик максаттардын жана чоң жетишкендиктердин башаты!

Ар бир студентке терең билим, изденүү, чыгармачылык жана ийгилик каалайбыз!

Билимдүү, мекенчил жана кесипкөй жаштарды тарбиялоо — биздин башкы максатыбыз!