1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

63

Педагогикалык колледжде кезектеги педагогикалык кеңешме болуп өттү

2026-жылдын 23-июнь күнү ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде кезектеги педагогикалык кеңешменин жыйыны өткөрүлдү. Иш-чараны колледждин директору, педагогикалык кеңешменин төрагасы Салибаева Кенжегүл Паратовна жетектеди.

Жыйындын күн тартибинде төмөнкү негизги маселелер каралып, талкууланды:

Окуу-усулдук иштер боюнча инспектор Калчакеева Айдайдын жылдык отчёту;

Карьера жана өндүрүштүк практика боюнча жетекчи Кудукбаева Элмиранын аткарылган иштер тууралуу отчёту;

Колледждеги ЖББ, БКМ жана КТ, МЧББ, ДТ предметтик-циклдик комиссиянын (ПЦК) жетекчилеринин жылдык жыйынтыктоочу отчётору.

Жыйындын жүрүшүндө ар бир багыт боюнча аткарылган иштердин натыйжалары терең талданып, жетишкендиктер менен бирге айрым кемчиликтер да ортого салынды. Ошондой эле, алдыдагы окуу жылында билим берүүнүн сапатын дагы да жогорулатуу максатында бир катар конструктивдүү сунуштар жана пикирлер айтылды.

Жыйынтыгында педагогикалык кеңешменин мүчөлөрү тарабынан сунушталган бардык отчёттор угулуп, тиешелүү баа берилди жана аткарылган иштер «канааттандырарлык» деп табылды.