1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

67

“Ден соолук – 2026” спартакиадасынан жаркын жетишкендиктер!

Аксы колледжинде колледждер арасында өткөрүлгөн “Ден соолук – 2026” спартакиадасында биздин окуу жайдын командасы ийгиликтүү катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөттү.

Жарыштын жыйынтыгында:

Волейбол боюнча — I орун 🏆

Футбол боюнча — II орун 🥈

Тогуз коргоол боюнча — II орун 🥈

Шахмат боюнча — III орун 🥉

Бул жеңиштерге өз салымын кошкон бардык окутуучуларга жана машыктыруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз. Өзгөчө командалык оюндарда мыкты чеберчилик, жоопкерчилик жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөткөн А.Кубатбековго жана Оморкулов Абдырасулга «Азаматсыңар!» деп айтабыз.

Ошондой эле спартакиадага барып-келүү жана катышуу үчүн бардык чыгымдарды каржылап, ар тараптуу колдоо көрсөткөн университетибиздин ректору К. Жумабекович мырзага жалпы жамааттын атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

Мындан сырткары, бизди жылуу тосуп алып, меймандостук көрсөтүп, Кыргызстандын кооз жерлери менен тааныштырып, Пача-Ата ыйык жайына саякат уюштурган Аксылык кесиптештерибиз Д. Орункулова жана В. Арзыматова айымдарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.

Спартакиада биз үчүн спорттук таймаш гана болбостон, достукту бекемдеген, тажрыйба алмашкан жана жагымдуу эскерүүлөргө бай болгон иш-чара болуп калды. Алдыда дагы жаңы жеңиштерди багынтып, окуу жайыбыздын намысын бийик көтөрө беребиз деп ишенебиз!