1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

56

«Бүтүрүүчү – 2026» салтанаты жогорку деңгээлде өткөрүлдү

Колледжибизде «Бүтүрүүчү – 2026» аттуу салтанаттуу иш-чара өзгөчө маанайда жана жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Майрамдык кечеге бүтүрүүчүлөр, ата-энелер, окутуучулар жана коноктор катышып, студенттердин жетишкендиктери белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө колледждин Ардак грамоталары тапшырылып, алардын окуудагы жана коомдук иштердеги ийгиликтери бааланды. Ошондой эле студенттерди тарбиялап, колдоо көрсөтүп келген ата-энелерге ыраазычылык каттар тапшырылды.Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын

Тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору А.Маматумаров катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, алардын келечектеги окуусуна жана кесиптик жолуна ийгиликтерди каалады. Өз сөзүндө билимдүү, мекенчил жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Майрамдык кечеге белгилүү ырчы-коноктор катышып, өз өнөрлөрүн тартуулап, салтанаттын көркүн ачышты. Атайын даярдалган кооз фотозона бүтүрүүчүлөр жана коноктор үчүн жагымдуу эстелик сүрөттөрдү жаратууга мүмкүнчүлүк берди.

Салтанаттын жүрүшүндө ата-энелер колледждин окутуучулар жамаатына терең ыраазычылыктарын билдирип, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты. Жылуу каалоо-тилектер, кубанычтуу көз ирмемдер жана жагымдуу маанай менен коштолгон бул иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн эсинде узак убакытка сакталары шексиз.

Колледж жамааты бардык бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, келечектеги окуусуна жана эмгек жолуна чоң ийгиликтерди каалайт!