1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

10 часов назад

11

"Мыкты практикант – 2026” конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Педагогикалык колледжде “Мыкты практикант – 2026” конкурсу жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Конкурстун жүрүшүндө катышуучулар бир нече этап боюнча күч сынашып, ачык сабактарды өтүү, санариптик технологияларды колдонуу, педагогикалык кырдаалдарды чечүү, чыгармачылык тапшырмаларды аткаруу жана өздөрүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн көрсөтүү боюнча өзгөчөлөнө алышты. Ар бир конкурсант берилген тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткарып, өзүнүн билим деңгээлин, чыгармачылыгын жана педагогикалык чеберчилигин көрсөттү.

Жыйынтыгында төмөнкү студенттер байгелүү орундарга ээ болушту:

I даражадагы диплом

– Искендерова Мээрим БКМк-6-23.

II даражадагы диплом

– Надирбеков Келдибек ДТк-2-23. Ошондой эле ал “Эл сүймөнчүгү” номинациясына ээ болду;

III даражадагы диплом

– Алыбекова Жумагул БКМк-04-24.

Эгенбердиева Асема БКМб-2-23

– “Чыгармачыл изденүүчү” номинациясы;

Шамшиева Нурзада  БКМк-03-24 – “Санарип мугалим” номинациясы;

Конкурстун эң жогорку сыйлыгы болгон Гран-прини Пайзуллаева Айбийке МЧББб-2-23 жеңип алды. Ал практика жетекчиси Мамытова Айнура менен биргеликте бардык этаптарда жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, чыгармачыл жана жаңыкмаларды  STEMS (илим, технология, инженерия, математика жана социалдык көндүмдөрдү интеграциялоо) ыкмасынын негизинде даярдалган менен айырмаланды. Жеңүүчүлөргө атайын сыйлык катары эки адамдык Андижан – Наманган туристтик жолдомосу тапшырылды.

Бул конкурс студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө чоң түрткү берип, алардын педагогикалык ишмердүүлүккө болгон кызыгуусун арттырды. Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөргө дипломдор, сертификаттар  тапшырылып, катышуучуларга мындан аркы окуу жана эмгек жолунда ийгиликтер кааланды.

“Мыкты практикант – 2026” конкурсу педагогикалык кесипке берилген, чыгармачыл жана демилгелүү студенттерди аныктоого өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чара болуп калды.