1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде МАКтын мүчөлөрү жана ПЦК жетекчилери үчүн №143-буйрук боюнча атайын чогулуш өттү

Бүгүн, 2-июнь күнү, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетатинин (ЖАМУ) Педагогикалык колледжинде Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын (МАК) мүчөлөрү жана Предметтик-циклдик комиссиялардын (ПЦК) жетекчилери үчүн атайын жумушчу чогулуш болуп өттү.

Жыйындын башкы максаты — ЖАМУнун ректораты тарабынан чыгарылган №143 «Мамлекеттик аттестацияны уюштуруу жөнүндө» маанилүү буйруктун талаптары менен тааныштыруу жана аны жоопкерчиликтүү аткарууну камсыз кылуу. Чогулушту Педагогикалык колледждин директору К.П. Салибаева өткөрүп, буйруктун ар бир пунктуна деталдуу токтолду.

Директор өз сөзүндө төмөнкү негизги милдеттерди өзгөчө белгиледи:

  • Антикоррупциялык талаптар: Мамлекеттик аттестацияны ийгиликтүү жана коррупциясыз өткөрүү башкы талап болуп саналат. МАКтын мүчөлөрүнө же кураторлорго акча каражаттарын чогултууга жана чай уюштурууга каттуу тыюу салынары, бул эреже бузулса колледж жетекчилиги түз жоопкерчилик тарта тургандыгы эскертилди.
  • Уюштуруу жана Санариптештирүү: Ар бир МА боюнча мультиурок, гугл форма жана башка платформаларда тесттерди киргизип, өз убагында консультацияларды уюштуруу зарылдыгы айтылды.
  • Экзамендеги тартип: МАКтын катчысына, кафедра жана ПЦК жетекчилерине студенттерди идентификациялоодон өткөрүү, сынак учурунда уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салуу жана катуу көзөмөл жүргүзүү милдеттендирилди.

Жыйындын аягында МАКтын бардык мүчөлөрү жана ПЦК жетекчилери буйруктун талаптары менен толук таанышкандыктарын тастыкташып, тиешелүү баракчага өздөрүнүн колдорун коюп беришти.