1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

35

Коррупциясыз жашоо — ар бирибиздин бүгүнкү туура тандообуздан башталат!

ЖАМУнун Педагогикалык колледжинде 2026-жылдын 2- июнь күнү бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясын жогорку деңгээлде, ачык-айкын жана коррупциясыз өткөрүү максатында кезектеги маанилүү чогулуш болуп өттү.

Жыйын Педагогикалык колледждин директору К. П. Салибаеванын жетекчилиги астында өтүп, ага Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын (МАК) мүчөлөрү жана ПЦК жетекчилери катышты. Чогулуштун башкы максаты — 2026-жылдын 19-майында кабыл алынган №143 «Мамлекеттик аттестацияны уюштуруу жөнүндө» буйруктун талаптары жана негизги пункттары менен тааныштыруу.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:

Мамлекеттик аттестация учурунда студенттерден же МАК мүчөлөрүнөн кандайдыр бир акча каражаттарын чогултууга, чай уюштурууга катуу тыюу салынгандыгы дагы бир ирет эскертилди;

Студенттерди идентификациялоо, сынак учурунда телефон колдонууга тыюу салуу жана таза көзөмөл жүргүзүү боюнча ПЦК жетекчилеринин жана МАК мүчөлөрүнүн милдеттери такталды;

Бүтүрүүчүлөрдү уюштуруучулук жана техникалык жактан толук камсыздоо маселелелери каралды.

Чогулуштун соңунда катышуучулардын бардыгы №143 буйруктун мазмуну менен толук таанышкандыгын тастыктап, кол коюп беришти. Колледждин директору К. П. Салибаева мамлекеттик сынактардын таза, ачык жана мыйзамдуу өтүшү жеке көзөмөлүндө болорун баса белгиледи.